Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

ТИМ Кытайдын виза саясаты боюнча маалымат берди


Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза бере баштаганы боюнча бүгүн 17-мартта түшүндүрмө берди.

Анда 2020-жылдын 28-мартына чейин алынган жана мөөнөтү аяктай элек визалар кайрадан жарактуу деп эсептелери, Кытайдын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрү визанын бардык категориялары боюнча ишин уланта баштай турганы белгиленди.

Ошону менен катар кыргыз тарап айдоочулар үчүн виза алыш үчүн электрондук кезекке жазылууга орундарды көбөйтүү маселеси боюнча Кытай менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Кытай 2020-жылы COVID-19 илдетине байланыштуу визага чектөө киргизген. Бул вируска кабылган биринчи бейтап 2019-жылдын аягында Ухань шаарында аныкталган. Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонуп, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөрдү киргизген. Дүйнөдө бул илдет менен 700 миллион киши катталды, алардын 7 миллиону каза болду.

Пандемия кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайган. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG