Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

АКШ жана Евробиримдик Гаага сотунун Путинди кармоо ордерин колдоду


Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун орус президенти Владимир Путинди кармоого ордер бергенин колдоду.

Анын белгилешинче, бул Орусияны Украинага каршы жасаган кылмыштары жана мыкаачылыктары үчүн жазага тартуучу "иштин башталышы гана".

"Биз Эл аралык кылмыш сотунун ишин баалайбыз жана колдойбуз. Жазасыздык болушу мүмкүн эмес", - деп жазды Евробиримдиктин Орусиядагы өкүлчүлүгү Телеграм-каналына.

АКШ президенти Жо Байден Гаага соту "жүйөлүү" чечим чыгарганын айтты.

"Путин ачык эле аскерий кылмыш жасады", - деди Байден. Ал соттун чечимин "күчтүү позиция" деп эсептейт.

Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли аскерий кылмыштар үчүн жооптуулардын бардыгы сот алдында турушу керектигин Твиттерге жазды. Дипломат иликтөө иштери уланарына ишеним билдирген.

Сербиянын президенти Александр Вучич сот чечимин комментарийлеп жатып, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатак дагы күчөшү ыктымалдыгын айтып, “Батыш акырына чейин барарын көрсөттү", - деди.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш маселени чечүү үчүн керек болгон тараптар менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин анын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Al Jazeeraга берген маегинде билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Гаага сотуна принципиалдуулук үчүн ыраазычылык билдирип, күнөөлүүлөрдү адилет жоопко тартууга даяр экенин белгиледи.

"Мындай кылмыштуу операцияларды мамлекет башында турган жетекчи-террористтин буйругусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес", - деген Зеленский. Өлкөнүн башкы дипломаты Дмитрий Кулеба "кылмышкерлер балдарды уурдоо жана башка эл аралык кылмыштары үчүн жоопко тартыла" турганын Твиттерге жазды.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму ордер берүү боюнча сот чечими ушундай кылмышка баргандарга эскертүү экенин белгиледи.

"Өзүнүн наамына жана кызматына карабай алардын ар бири эртеби-кечпи сот алдында жооп берип калышы мүмкүн", - деп жазылган уюмдун Твиттер баракчасында.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого ордер чыгарган. Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага дагы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер чыкты.

Гаага соту эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт. Путин “мындай ишти жасаган же ага жол берген жарандарды жана өзүнө баш ийген аскерлерди тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес” деп айтылат билдирүүдө.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечиминин Москва тааныбай турганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG