Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Путин жалданма жоочуларды жамандагандарды жазалоо мыйзамына кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушта жалданма согушкерлер менен ыктыярчыларга көлөкө түшүргөндөр жана алар тууралуу жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койду.

Мамлекеттик Дума 14-мартта мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.

Мыйзам Кылмыш-жаза кодексинин эки, тактап айтканда орус армиясына көлөкө түшүрүү жана жалган маалымат таратуу беренелерине өзгөртүү киргизет.

"Фейк" маалыматтарды тараткандар мурдагыдай үч эмес беш жылга эркинен ажыратылат. Ал эми согуштун катышуучулары жана жалданма аскерлери тууралуу жалган маалымат тараткандар 15 жылга чейин соттолот. Бул мөөнөт өзгөргөн эмес.

Армияны жаманатты кылган маалыматтардын кесепети ден соолугуна зыян алып келип же массалык башаламандыкка себеп болсо жаза мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарат.

Согуштун катышуучуларына көлөкө түшүргөнгөндөрдү жоокерчиликке тартууну Орусиянын "ЧВК Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин суранган. Орусияда анын жалданма жоочулары ыктыярчылар менен тең каралат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири - Мамлекеттик Думанын жетекчиси Вячеслав Володин жана анын орун басары Ирина Ярова.

Орус соттору согуш тууралуу расмий маалыматтарга же Коргоо министрлиги тараткан маалыматка дал келбеген ар кандай маалыматты "каралоо" жана атайылап "жалган маалымат таратуу" катары тааныйт. Атап айтканда, болжолдуу согуш кылмыштары, анын ичинде жарандык объекттерге кол салуулар жана жарандардын курмандыктары тууралуу маалымат.

Укук коргоочулардын айтымында, согуш башталгандан бери Орусияда согушка каршы позициясы үчүн 450дөн ашуун адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын 100дөн ашыгы абакта. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG