Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

The Guardian: АКШда орус жарандарын депортациялоо жанданды


Мексика менен АКШнын чек арасы, архивдик сүрөт.
Мексика менен АКШнын чек арасы, архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттары миграциялык мыйзамдарды бузду деген орус жарандарын өлкөдөн чыгарууну жандантты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Аталган басылма адвокаттарга шилтеме кылып мобилизациядан качып келген орус жараны ушул аптада кайра өз мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал башка жердештери сыяктуу эле былтыр башпаанек сурап АКШ бийлигине кайрылган. The Guardian басылмасынын ырасташынча, бул жагдай башпаанек берилерин күтүп жаткан башка орусиялыктарды кабатыр кыла баштады.

Мунун алдында Иммиграция жана бажы боюнча америкалык агенттик (ICE) чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде орус жарандарын депортациялоо жанданганын жокко чыгарган эмес. Ак үй аталган басылмага комментарий берген эмес.

Бир катар орусиялыктар Мексикага учуп келип, АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, бул өлкөдөн башпаанек сураган учурлар катталат. Вашингтон былтыр мартта Москва Киевге согуш ачкандан кийин Орусия, Украина жана Беларус баштаган айрым мамлекеттердин жарандарын мекенине кайтаруу убактылуу токтотулганын билдирген жана чечим кайра жокко чыгарылганы тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG