Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Анталияда Айтматов атындагы китепкана ачылды


"Азаттык" радиосу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап чыгарган китеп.
"Азаттык" радиосу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап чыгарган китеп.

Түркиянын Анталия шаарынын Муратпаша районунун мэриясы Твиттердеги баракчасында 20-мартта шаарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ишке киргенин кабарлады.

Китепкана Айтматов атындагы сейил бактын ичинде орун алган. Мэриянын кабарына ылайык, ал үч бөлүмдөн турат. Анда жазуучунун түрк тилинде жарык көргөн чыгармалары турган өзүнчө бөлүм бар.

Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган "Ак кеме" жана "Кызыл жоолук жалжалым" повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн милдеттүү болгон "100 классикалык чыгарманын" тизмесине киргизген.

Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында жазуучунун ысымы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактарга берилген.

Измирде Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей ачылган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG