Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы окутуу уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуунун, жабыркагандарга укуктук жардам берүүнүн жол-жобосун үйрөткөн атайын окутуу уюштуруларын “Жарандык бирикме” коомдук уюму билдирди.

Аталган уюм АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Жигердүү жарандар» долбоорунун жардамы менен 30-мартта «Оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү» деген темада бекер онлайн курс баштайт.

Ага үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана ошондой эле мындай мамиледен коргонуу жолдорун, өз укуктарын билгиси келген бардык каалоочулар катыша алышат. Ажырашкан күйөөсүнөн балдарына алимент өндүрө албай, жерге болгон укугун коргой албай жүргөн аялдар да аталган курска катышып, маалымат ала алышат.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG