Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Си Цзинпиндин Орусияга мамлекеттик сапары аяктады


Владимир Путин жана Си Цзинпин.
Владимир Путин жана Си Цзинпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Орусиядагы үч күндүк мамлекеттик сапары 22-мартта аяктады. Сапардын алкагында Бээжин менен Москванын ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул Си Цзинпиндин Орусияга акыркы төрт жылдагы биринчи сапары. Ал Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Путинди кармоо ордерин чыгаргандан кийин Кремлге келген алгачкы лидер болду.

Украинадагы согуштан улам Кремл эл аралык коомчулуктун сынына кабылып турат.

Путин Москвадагы сүйлөшүүлөрдү "ийгиликтүү жана конструктивдүү" деп мүнөздөсө, Си эки авторитардык лидер кол койгон келишимдердин бири кызматташтыктын "жаңы доорун" баштай турганын айтты.

Украинадагы согуш тууралуу сүйлөгөндө Си Цзинпин Бээжин жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү колдой турганын айтты.

Бээжин Москваны курал-жарак менен камсыздайт деген кооптонуу чоң болгондуктан, Батыш, анын ичинен АКШ Украинада уруш уланып жатканда Си менен Путиндин жолугушуусуна тыкыр көз салып турду.

Вашингтон Кытайдын лидерин Кремлде Путинди Украинанын эгемендигин урматтап, урушту аяктоого чакырууга үндөгөн.

Быйыл февралда Бээжин 12 пункттан турган "тынчтык формуласын" сунуш кылгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын лидери менен бетме-бет сүйлөшүүгө кызыкдар экенин айткан. Азырынча Киев Си Цзинпиндин Москва сапары боюнча үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG