Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Өзгөндө жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды


Өзгөндөгү жер көчкү. 22-март, 2023
Өзгөндөгү жер көчкү. 22-март, 2023

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түштү.

18 турак турак жайга коркунуч пайда болду. Көчкү үйлөргө 300 метрдей гана жетпей калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Маалыматка караганда, көчкү түшкөн аймак Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.

Учурда айыл өкмөтү жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү жарыяланып, алдын алуу иштери жүрүп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылдын 5-сентябрында Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 үйдүн жашоочуларын көчүрүү керектиги сунушталган.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG