Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

АКШнын мамкатчысы Гаага сотунун Путинге байланыштуу ордерин сыйлоого чакырды


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Рим статутуна кол койгон жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун ишине катышкан бардык өлкөлөрдү орус президенти Владимир Путинди камоо жөнүндө ордерди аткарууга чакырды. Путин Украинада аскердик кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Блинкен Сенат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, "Эгер Путин Евробиримдикке барса, ал жакта кармалышы керекпи?" деген суроого Эл аралык кылмыш сотунун ар бир мүчөсү өз милдеттенмесин аткарышы керектигин айтты.

Орус президенти жакын арада Кошмо Штаттарга барары күмөн экенин белгилеп, АКШ Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес экенин кошумчалады.

Өткөн аптада Эл аралык кылмыш соту Путин менен Орусиянын балдар укуктары боюнча атайын өкүлү Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте каккан жана Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

Мурдараак Германиянын юстиция министри эгер Путин өлкөгө келсе кармаларын жана Гаагага өткөрүлүп берилерин тастыктаган. Жайында БРИКС саммити өтө турган Түштүк Африка бийлигинин өкүлү өлкө Эл аралык кылмыш сотунун ордерин көңүлгө алганын жана өз милдеттенмелери жөнүндө билерин айткан. Ошол эле маалда ал Путин келсе, кармалар-кармалбасын так белгилеген эмес.

Эл аралык кылмыш сотуна дүйнөдөгү 123 мамлекет мүчө. Кытай, Индия же Түркия, мындан тышкары АКШ сыяктуу ири мамлекеттер катышпайт.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG