Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Константиновкадагы соккуда өлгөндөр беш кишиге жетти


Украинага урулган соккулардын кесепети. Архив.
Украинага урулган соккулардын кесепети. Архив.

Украинанын Константиновка калаасына урулган соккуда набыт болгондор саны беш кишиге жетти. Мурдараак үч аял набыт болгону айтылган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы дагы эки эркек каза тапканын маалымдады.

Башкы прокуратура Орусиянын күчтөрү С-300 зениттик-ракеталык комплексинен урулган соккуда өлгөндөр катуу кармаш жүрүп жаткан Бахмут шаарынан жер которуп келгендер экенин билдирген.

Донецк облусунда жайгашкан Константиновка шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна 24-мартка караган түнү ракета атылган.

Орусия ушул түнү Украинанын Кривой Рог калаасына да дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.

Анын айтымында, орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG