Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Түндүк Корея суу алдындагы өзөктүк куралын сыноодон өткөрдү


Түндүк Корея өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү суу алдындагы куралын сыноодон өткөргөнүн түштүк кореялык "Ренхап" маалымат агенттиги жазды.

"Корея үнү" белгилегендей, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын катышуусундагы сыноо 21-23-март күндөрү Түштүк Хамген провинциясында өттү.

Түндүк Кореяда бул куралды "суу алдында кол салуучу аралыктан башкарыла турган "Хэир катери" деп аташат. Маалыматка караганда, согуштук аракеттер учурунда ал "суунун алды менен ыкчам акваторияга жашыруун сүзүп барып, каршылаштын кемелерин жана портторун жок кыла турган өтө кубаттуу радиоактивдүү цунами жаратууга" жөндөмдүү.

18-19-март күндөрү Түндүк Кореянын бийлиги өзөктүк контрсокку жасоо жана тактикалык-баллистикалык ракеталарды учуруу боюнча машыгууларды өткөргөн.

Ага чейин АКШ менен Түштүк Кореянын аскерлери Freedom Shield деп аталган биргелешкен аскердик машыгуусун баштаган. Сеул бул аракеттер коргонуу мүнөзүнө ээ экенин белгилеп, өлкөнү Түндүк Кореянын ыктымал агрессиясынан коргоо боюнча көнүгүүлөр жасалганын билдирген.

2022-жылы Түндүк Корея 37 жолу сыноо өткөрүп, жалпысынан түрдүү аралыкка жете турган 70ке жакын ракета учурган. Алардын көбү Жапония менен Түштүк Корея тарапка багытталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG