Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

АКШ Лукашенконун учагына, Беларустун айрым мекемелерине, аткаминерлерине санкция салды


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

АКШнын Каржы министрлиги санкциялык тизмеге Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын жети мүчөсүн, МАЗ жана БелАЗ ишканаларын жана алардын жетекчилерин, Александр Лукашенконун Боинг 737 учагын киргизди. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына чыкты.

Беларустун БШКнын мүчөлөрү Игорь Карпенко, Елена Балдовская, Денис Дука, Елена Кунцевич, Александр Ткачев, Екатерина Федосенко жана Александр Южик "кара тизмеге" илинди.

МАЗ жана БелАЗ ишканалары жана алардын жетекчилери Валерий Иванкович менен Сергей Никифирович да тизмеге кирди.

АКШ ошондой эле Александр Лукашенконун борт номуру EW-001PA болгон Boeing 737 учагына да санкция салды. Каржы министрлиги ырастагандай, Лукашенко, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана анын жакын чөйрөсү бул учакты жеке саякат үчүн да колдонот.

АКШнын Каржы министрлигинин башчысынын орун басары, терроризмге каршы күрөш жана каржылык чалгындоо кызматкери Брайан Нелсондун айтымында, бул санкциялар Лукашенконун авторитардык режими демократияны кысымга алганы, Орусиянын Украинадагы агрессиясын колдогону үчүн киргизилген.

2022-жылдын октябрында Александр Лукашенко аскердик коопсуздук маселелери боюнча жыйында Беларус Орусиянын Украинадагы “атайын аскердик операциясына” катышып жатканын билдирген. Беларус бийлиги өлкөнүн аймагы аркылуу орус аскерлеринин өтүшүн, убактылуу жайгашуусун камсыздап берген.

Буга чейин АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия Беларуска каршы санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG