Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Түндүк Европа өлкөлөрү аскердик-аба күчтөрүн бириктирет


Норвегиянын кыргын салуучу аскердик учактары (истребитель). Иллюстрациялык сүрөт.
Норвегиянын кыргын салуучу аскердик учактары (истребитель). Иллюстрациялык сүрөт.

Швеция, Норвегия, Финляндия жана Дания бириккен аскердик-аба күчтөрүн түзүү макулдашуусуна кол койду. Түндүк Европа өлкөлөрү 250 кыргын салуучу учактарды, абадан коргонуу жана чалгын системаларын чогуу иштете турган болушту.

Даниянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал-майор Ян Дам Reuters агенттигине билдиргендей, мындай чечим Орусиянын Украинадагы согушунун фонунда кабыл алынды.

Түндүк өлкөлөр Орусия тараптан болчу ыктымал коркунучка чогуу каршы турушат.

Макулдашууга Германиянын Рамштайн аскердик базасында кол коюлду. Ага НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал Жеймс Хекер да катышты.

Түндүк Европа өлкөлөрү саясий, экономикалык жана маданий байланышта болгону менен аскердик мамиледе ар кайсы статуста болгон. Дания 1949-жылдан бери НАТОдо мүчө, ал уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Финляндия менен Швеция буга чейин нейтралитет макамында келишкен. Орусия Украинага кеңири масштабда кол салган соң аталган өлкөлөр НАТОго кошулууга арыз беришкен. Норвегия НАТОго мүчө, бирок калган үч өлкө кирген Евробиримдикке кошулган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG