Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Украин бийлиги орус тарап Бахмутта чабуулун улантып жатканын билдирди


Украинанын Бахмуттагы жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Бахмуттагы жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда жана соңку 24 саатта Орусия ондогон сокку урду.

Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 25-мартта билдирди.

Башкы штаб мындан сырткары Бахмут фронтунун айланасындагы Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка жана Шахтерск тилкелеринде 60тай кагылышуу катталганын тактады. Бул райондордо акыркы апталарда катуу кармаштар болуп жатат.

25-мартта Херсон облусунун түштүгүндөгү Аймактык коргонуу күчтөрү соңку суткаларда орус тараптан көптөгөн аткылоо болгонун маалымдады. Дүрмөттөр турак жайларга тийип, эки адам өлгөнү да кабарланды. Херсон шаардык кеңеши Днепр дарыясына жакын жашагандарды “коопсуз жактарга чыгып кетүүгө” чакырган.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) “орус тараптын жазгы чабуулдары туу чокусуна жетип, ылдыйлаганын” жана “Орусиянын командачылыгы баскынчылык жүрүштөрүн жандантуу үчүн кошумча адамды алдыңкы катмарга жөнөтүүгө аргасыз болорун” жазган. Башка талдоочулар да Москванын көп айдан берки жүрүштөрү бир аз басаңдаганын жарыялашкан.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда басып кирген. Москва “атайын операция” деп атаган согушта өтө оор жана чоң жоготууларга учурап, ушул тапта Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгүнө чукул жерин ээлеп турат.

Украинада миңдеген карапайып эл набыт болуп, миллиондогон киши чет мамлекеттерден убактылуу башпаанек алды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG