Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Боом капчыгайында кайрадан чыккан өрт басылды


Боом капчыгайында жайгашкан Көк-Мойнок-2 айылындагы өрттү өчүрүү учуру. 25-март, 2022-жыл.
Боом капчыгайында жайгашкан Көк-Мойнок-2 айылындагы өрттү өчүрүү учуру. 25-март, 2022-жыл.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта 25-мартта, саат 11:20да кайрадан өрт чыгып, ал саат 13:40та чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жеринде өрттү өчүрүүгө жалпы беш өрт өчүрүүчү автоунаа күжүрмөн эсеби тартылган. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер көмөк көрсөтүүдө.

Абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу тартылды.

Баштапкы маалымат боюнча өрт чыккан аянт беш сотыхты түзөт. Учурда жеринде өрттү толугу менен өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Маалым болгондой аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат кечки саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетишин көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган.

24-мартта Боом капчыгайындагы “Кербен-Сарай” кафесинин маңдайындагы талаада чыккан өрт толук өчүрүлгөн. Анда үч гектар аянт күйгөн. Жалын эмнеден тутанганы белгисиз.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылы Боом капчыгайында жайгашкан. Балыкчы шаарынан Бишкекти көздөй бараткандагы биринчи айыл Көк-Мойнок-1 деп аталса, экинчи айылга Көк-Мойнок-2 деген аталыш берилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG