Бишкектин Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши аяктады.
21-марттан 25-мартка чейин өткөн мелдеште кыргыз мушкерлери алты алтын, жети күмүш, 10 коло байге утушту. Таймаштар 48 килограмм салмактан тартып 92 килограммдан жогорку салмакка чейин, жалпы 13 салмакта өттү.
Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнир быйыл 45-жолу уюштурулду. Мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзүп, 1-орунду алган мушкерге 1400 доллар, 2-орунга 700 доллар, 3-4-орун үчүн 500 доллар акчалай сыйлык ыйгарылды.
Ага Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышты.
21-мартта башталган таймаштар төрт күн бою өтүп, жыйынтыгында 13 кыргызстандык спортчу финалга чыкты.
Бүйүр кызыткан беттешти 75 килограммга чейинки салмакта финалда кыргызстандык мушкерлер Даниэл Абдрахманов жана Данияр Дамирдин уулу көрсөтүштү. Жыйынтыгында Данияр Дамирдин уулу жеңишке жетти.
"Мен жүйөлүү себептерден улам, үч жылдан бери мелдештерге чыга элек элем. Жеңишке жеткениме абдан кубанып турам. Атаандаштарым абдан күчтүү болушту", - деди Дамирдин уулу мелдештен кийин.
Ал эми Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, мушкер Эркин Адылбек уулу 86 килограмм салмакта жеңүүчү болду. Ал сегиз жылдан бери мелдештерге катышып, быйыл биринчи жолу чемпион болду.
Эркин Адылбек уулу финалда өзбек спортчусу Самандар Жалаловду жеңди.
"Мен азыр абдан кубанып турам. Канча жылдан бери ушул мелдешке катышып, экинчи, үчүнчү орундарды алып калчу элем. Быйыл максатыма жетип, мелдештин алтын байгесин алдым", - деди Эркин Адылбек уулу.
Мелдештин жыйынтыгында төмөндөгү спортчулар чемпион аталды.
- 48 кг - Йаухени Кармельчук, Беларус
- 51 кг - Кенже Муратулы, Казакстан
- 54 кг - Санжар Сейдакматов, Кыргызстан
- 57 кг - Ислам Төрөбаев, Кыргызстан
- 60 кг - Миркомил Саитохунов, Өзбекстан
- 63.5 кг - Жантөрө Ташиев, Кыргызстан
- 67 кг - Жавлонбек Юлдошев, Өзбекстан
- 71 кг - Элдар Турдубаев, Кыргызстан
- 75 кг - Данияр Дамирдин уулу, Кыргызстан
- 80 кг - Алексей Альферов, Беларус
- 86 кг - Эркин Адылбек уулу, Кыргызстан
- 92 кг - Владислав Смяхликов, Беларус
- +92 кг - Бекнур Кхали, Монголия
Бокс федерациясы акыркы 2-3 жылдан бери спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчүн аракет кылып жатканын айтып келет. Мындан улам аталган мелдешти да жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылганын мелдештин жүрүшүндө маалымдашты.
Кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарынан байгелүү орундарга илине элек. 2016-жылы мушкер Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарында жалгыз лицензия алган. Андан мурун 2008-жылы кыргыз мушкерлеринин ичинен Асылбек Таласбаев Олимп оюндарына барып келген.
Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров кыргыз мушкерлери Парижде өтө турган Олимп оюндарына барууга мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтты:
"Дүйнө чемпионатынын алдында балдар 3-4 мелдеш өткөрсөкпү дегем. Тилекке каршы болбой калды. Бирок, финалдык беттештер мени кубандырды. Балдардын техникасын оңдоого убакыт бар. Физикалык жаткан даяр десем болот. Эң негизгиси кыргыз боксчулары чемпиондук духу бар. Май айында Ташкентте өтө турган Дүйнө чемпионатына даярданып, аракет кылабыз. Ал чемпионатта Олимп оюндарына лицензия ойнотулбайт. Негизи, жок дегенде Парижде өтө турган олимп оюндарына эки лицензия алабыз деген ой бар", - деди Орзубек Назаров.