Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

УКМК: Чек арада көчөт тигүү аракети токтотулду


Чек арадагы Көк-Таш айылы. Иллюстрация
Чек арадагы Көк-Таш айылы. Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 27-мартка карата Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларында абал туруктуу экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышты.

Кездешүүгө тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Суйлөшүүнүн натыйжасында аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.

22–мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургундарынын ушундай эле иш-аракеттерине кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин бөгөт коюлган.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде чыр-чатактарга жана жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чектеш аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү сүйлөштү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жалпы 972 чакырым. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралып келет.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Эки өлкө президенттери 27-январдагы келишимге ылайык, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары толук чечилгенин ырасташкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG