Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Адвокат абактагы Сооронкулова пневмонияга чалдыкканын билдирди


Клара Сооронкулова сотто. Февраль, 2023-жыл.
Клара Сооронкулова сотто. Февраль, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Клара Сооронкулованын өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.

"Операциядан кийин саламаттыгы кескин начарлады. Бүгүн барсам араң эле кыймылдайт. Өпкөсү кагынган (пневмония) деп айтышты мага. Буга чейин да Сооронкулованы ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп, тергөөгө кайрылганбыз. Тергөө баш тарткан. Жакынкы күндөрү сотко кайрылабыз", - деди Жакупбекова.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкуловага быйыл 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган.

15-мартта кайра тергөө абагына которулган, ал оор операциядан кийин реабилитациялоого муктаж экенин 24-мартта акыйкатчы Атыр Абдрахматова да билдирген. Ал укук коргоо органдарын Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон, укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыр анын абалы да оор экенин жазды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган каты 27-мартта жарыяланды.

Жаза аткаруу кызматы азырынча кат тууралуу комментарий бере элек. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.

Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир нечеси саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG