Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кызыл Чырым комитети: Бахмутта миңдеген адам оор шартта жашап жатат


Бахмуттун тургуну. Сүрөт 2022-жылдын 11-ноябрында тартылган.
Бахмуттун тургуну. Сүрөт 2022-жылдын 11-ноябрында тартылган.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Украинанын курчоого алынган Бахмут шаарында жана анын айланасында 10 миңдей тургун коркунучтуу шартта жашап жатканын билдирди. Алардын көбү карылар жана майыптыгы бар кишилер.

Уюмдун жетекчилеринин бири Умар Хан Бахмуттун өзүндө бир нече миң адам сыртка чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ал Женевадагы брифингде сүйлөгөндө адамдар өтө оор шартта жашоого аргасыз болуп, дээрлик дайыма жертөлөдө баш калкалап отурушканын белгиледи.

Хан өзү күбө болгон кыйроонун масштабына таң калганын кошумчалады.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Байкоочулар акыркы кездери орустар алдан тайып баратканын болжолдошууда. Согуш шартында "Азаттык" радиосу маалыматтарды көз карандысыз булактардан дароо тактай албайт.

Кармаштар Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерскиде да уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG