Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

АКШ журналист Эван Гершковичтин Орусияда камалышын айыптады


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда америкалык журналист, The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершковичтин камалышын айыптады.

“Орус бийлигинин америкалык жарандарды куугунтуктаганы ыксыз көрүнүш”, – деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалык жарандарды Орусиядан чыгып кетүүгө үндөдү. Ак үйдүн билдирүүсүндө америкалыктар Орусияга барбашы керектиги айтылат.

Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист Гершкович 29-мартта Екатеринбургда кармалган. Бейшембиде Москва соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал тыңчылыкка айыпталууда.

ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр- жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.

Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат. WSJ айыптоолорду четке кагууда. Басылма кызматкеринин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирди.

Гершкович Орусияда төрөлүп, бала чагында ата-энеси менен жер которуп кеткен. WSJ гезитине чейин ал Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG