Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Татарскийдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Жардыруу болгон жер
Жардыруу болгон жер

Орусиянын Тергөө комитети аскердик кабарчы делген Владлен Татарскийдин өлүмүн Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен иликтей баштады.

2-февралда Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болуп, Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткен. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы кабарланган. Жардырууда жабыркаган 30 адамдын 24ү ооруканага жаткырылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Мамлекеттик каналдар жардырууну 26 жаштагы жергиликтүү тургун - Дарья Трепова жасаганын маалымдашты. Тергөө Владлен Татарский сүйлөп жаткан кафеге жардыргыч зат орнотулган кичинекей статуя салынган кутуну Трепова алып келген деп эсептейт.

Ички иштер министрлиги Дарья Треповага издөө жарыялаганы белгилүү болду. Бирок ал кайсы кылмыш ишинин алкагында изделип жатканы белгисиз.

Baza Телеграм-каналы полиция Трепованын күйөөсү Дмитрий Рыловду да издеп жатканын, батири тинтүүгө алынганын жазды. Рылов кафедеги жардырууга катышкан деп шектелүүдө. Бирок ал Татарскийдин кечесине катышкан эмес.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

XS
SM
MD
LG