Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Черногорияда 37 жаштагы Яков Милатович президенттик шайлоодо утту


Яков Милатович тарапкерлери менен.
Яков Милатович тарапкерлери менен.

Черногорияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгында “Европа бүгүн” кыймылынан президенттикке талапкер, экономист Яков Милатович жеңди. Ал 1991-жылдан бери Черногорияны кыска тыныгуулар менен башкарып келе жаткан учурдагы президент Мило Жукановичтин ордуна келет.

3-апрелге караган түнү Подгорицадагы Мониторинг жана изилдөө борбору Милатович 60% добуш алганын кабарлады.

Жуканович жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктады.

37 жаштагы Милатович Черногориянын мурдагы экономика министри. Ал шайлоочуларга коррупция менен күрөшүп, жашоо деңгээлин көтөрүүнү убада кылгын.

Милатович шайлоодо жеңип чыккандан кийин тарапкерлерине кайрылып, Черногория алдыдагы беш жыл ичинде Европа Биримдигине кошула турганын айтты. 2008-жылы Черногория Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын алган.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча, Балканда Милатовичти Сербияга, Орусияга жана православ чиркөөсүнө жакын партиялар колдошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG