Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта тургундар жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта дарегине карабай (26-июндан 31-августка чейин) каттоого турса болот.

"Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Мындан сырткары 10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110) иштей баштайт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. Азыр мектепке кабыл алуу ушундай тартип менен жүрөт.

Ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап жатат деп арызданган учурлар да бар. Өлкөдө 2 357 мектеп иштейт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG