Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Татарскийдин өлүмүнө шек саналган Дарья Трепова кармалды


Дарья Трепова.
Дарья Трепова.

Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербургдагы кафедеги жардырууга шектелген Дарья Трепова кармалганын билдирди. Ал 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2-апрелде "Стрип-Бар" деген кафедеги жардырууда аскердик кабарчы делген Владлен Татарский мерт кетип, 32 адам жараат алган. Бир тобу оор абалда ооруканада жатат.

"Фонтанка" каналынын маалыматына караганда, Трепова күйөөсүнүн таанышынын батиринде кармалган. Басылма ал Өзбекстанга кетүүгө камынып жатканын жазды.

Улуттук антитеррордук комитети жардырууну "Украинанын атайын кызматы пландаганын, ага Алексей Навальныйдын фонду менен кызматташкан агенттер катышканын, Дарья Треповабуга шек саналып жатканын" билдирди. Киев буга комментарий берген жок.

Baza Телеграм-каналы полиция Трепованын күйөөсү Дмитрий Рыловду да издеп жатканын, батири тинтүүгө алынганын жазды. Рылов кафедеги жардырууга катышкан деп шектелүүдө. Бирок ал Татарскийдин кечесине катышкан эмес.

2-февралда Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болуп, Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткен. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы кабарланган.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG