Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

"Талибан" менен Тегеран ооган абактарындагы ирандыктарды бошотууну талкуулашты


Ирандын элчилиги. Кабул, архивдик сүрөт
Ирандын элчилиги. Кабул, архивдик сүрөт

“Талибан” жетектеген өкмөт Ооганстанда камакта отурган жана кое берүүгө болот деген ирандыктардын тизмесин түзүп жатат. Талибдердин Башкы прокурору Шамсуддин Пахлаван Кабулда Ирандын элчисинин орун басары Хасан Мортазави менен жолугушууда маселени талкуулаганын “Азаттыктын” ооган редакциясы жазды. Буга чейин талибдердин делегациясы Тегеранга барып кеткен.

Mehr кабар агенттигинин маалыматына караганда, ал сапардан кийин Иранда кармалып жаткан 867 оогандык бошотулган.

Кабулдагы жолугушууда Пахлаван “Талибан” бийлиги кое берип, Тегеранга кайтарса болот деген ирандыктардын тизмесин түзүү иши аяктап калганын билдирди. Алар Ислам жумуриятынын сот системасынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп бермекчи. Ушу тапта Ирандын канча жараны ооган абактарында отурганы белгисиз.

2021-жылдын августунда талибдер Ооганстандагы бийликти кайтарып алгандан бери ирандык айрым шийи динаятчылары ашынган суни тобунун бутасына айланышы ыктымал деген чочулоосун билдиришкен. Ооганстандын ага чейинки өкмөтү тушунда Иран жарандары башпаанек алып, саясий куугунтуктан коркпой жашап келген.

“Талибан” бийлигин бир да өлкө расмий тааныбаганы менен кыймыл чет жактар менен кызматташтыкты өөрчүтүү аракетин көрүүдө.

Расмий Тегеран жакында Кабул менен тыгыз мамиле куруп, Ооганстандын Ирандагы элчилигин талибдердин өкмөтүнө өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG