Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Таласта Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди


Талас шаары.
Талас шаары.

Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарынын борбордук аянтында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары, шаар тургундары катышып, шейит кеткендерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту.

Андан кийин Талас облустук драм театрында иш-чара уюштурулуп, Апрель ыңкылабын чагылдырган спектакль коюлду.

7-апрель окуясына быйыл 13 жыл болду. Кыргызстандын бир катар аймактарында Апрель ыңкылабында каза болгондор эскерилди.

2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 100 гө жакын киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (MKt)

XS
SM
MD
LG