Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Чек ара чырында зыян тарткан ишкерлерге насыя берүүгө каражат бөлүнөт


Баткенде чек ара чырында талкаланган мүлк.
Баткенде чек ара чырында талкаланган мүлк.

Финансы министрлиги Баткен облусунда 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыгым тарткан ишкерлерге быйыл насыя берүү үчүн 90,3 миллион сом бөлөт.

Маалымат боюнча, министрликтин Финансы-кредиттик фонду Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда 212 жабыркаган ишкер менен жумуш алып барып, 75и менен насыялык келишим түздү.

Былтыр 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Кандуу окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектиси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG