7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Муратбек Бегалиев, Келдибек Ниязов, Тенти Мураталиев жана театрда бирге иштешкен кесиптештери, туугандары катышты.
Коштошуу зыйнатында опера ырчысы Сталбек Алмасбеков көптөгөн эл аралык опера фестивалдарына катышканы, кыргыздын вокалдык өнөрүн татыктуу көрсөтүп, көптөгөн чет элдик театрлар менен кызматташканы айтылды.
Анын демилгеси менен Кыргыз опера жана балет театрында 2002-жылы “Дебют” жаш ырчылардын чыгармачылык лабораториясы түзүлүп, бир катар жаш ырчылар даярдалган.
Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Сталбек Алмасбеков 5-апрелде каза болгон. Ал 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Окуу жайды аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист болуп иштеп келген. (BTo)