Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстанда 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө


Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо. 9-апрель. Кара-Суу, Ош.
Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо. 9-апрель. Кара-Суу, Ош.

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын 14 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт. Ал үчүн учурда шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталып кечки сегизге чейин уланарын билдирди. Шайлоочулардын саны 72 миңден көбүрөөк.

8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга берилет.

Боршайком билдиргендей, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүк алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонуларын билдирген. Азырынча Баткендеги үч айылда мындай мүмкүнчүлүктөн ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдалана алат.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар. Депутаттарды беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү эл шайлайт. (КЕ/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG