Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Twitter орус бийлиги менен байланышкан аккаунттардан чектөөнү алды


Илон Маск.
Илон Маск.

SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск сатып алган Twitter социалдык түйүнү орус бийликтери менен байланыштуу болгон аккаунттарга буга чейин салынган чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Telegraph басылмасы жазды. Басылма текшерип көрүп, Кремлдин, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Британиядагы элчилигинин Твиттердеги баракчаларына шилтеме берип жатканына ынанган. Ошондой эле бул баракчалар сунушталган аккаунттардын тизмесинен чыккан. ТАСС агенттиги социалдык тармак Коргоо министрлигинин аккаунтун дагы чыгара баштаганын жазды.

Орусия Украинага кол салган өткөн жылдын апрель айынан кийин Twitter корпорациясы эркин маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеген жана мамлекеттер аралык куралдуу кагылышууларга катышкан тиешелүү мамлекеттик аккаунттарды жарнамалабайт жана сунуш кылбай турганын билдирген. Чектөөгө орус бийлигине байланышы бар аккаунттар илинери белгиленген.

Мындан мурдарак Twitter Орусиянын жана Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына коюлган чектөөнү алганы маалым болгон. Алар дагы учурда сунушталган аккаунттардын тизмесинде чыгууда. Аккаунттун кайсы бир өлкөгө тийиштүү экени тууралуу маалыматтар калган. Бирок бул бир гана Орусияда эмес, башка өлкөлөргө деле тийиштүү. Твиттердин мурдагы жетекчилеринин бири бул кокустук эмес, корпорациянын саясатын атайылап өзгөртүүсү экенин айтты.

Сатып алгандан кийин Илон Маск былтыр ноябрда бөгөттөлгөн аккаунттарды кайра калыбына келтирилерин айткан. Бирок ал мыйзам бузгандарга жана спам таратуучуларга колдонулбай турганын айткан.

20-ноябрда Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчасын калыбына келтирген.

Дональд Трамптын Facebook, Instagram жана Twitter түйүндөрүндөгү баракчалары 2021-жылы январда бөгөттөлгөн.

Twitter Telegraph жазган маалымат боюнча комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG