Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Зеленский Польша Украинага 200 “Росомак”техникасын берерин билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Польша Украинага 200 “Росомак” чопкутталган техника берет, анын 100ү жакын арада жеткирилет. Бул тууралуу жакында эле Варшавага расмий сапар менен барган украин президенти Владимир Зеленский билдирди.

Польшанын бийлиги 100 БТР берилерин Зеленскийдин сапары учурунда билдирген. Украин президенти келечекте дагы ушундай 100 жабдык берилерин кошумчалады.

Ошондой эле ал Варшава “Леопард” танкын, MiG-29 истребителдерин жана башка техника берүү убадасын аткарганын белгиледи. Украина Польшадан келе турган машиналардын акысын АКШ жана Европа биримдигинин Киевге берген жардамынын эсебинен төлөйт.

Зеленский Польшага расмий сапар менен 5-апрелде барган. Бул – украин мамлекет башчысынын Польшага алгачкы расмий иш сапары.
Зеленский Бахмуттагы жана анынуайланасындагы абал оор экенин моюнга алып, украин аскерлери курчоого алынышы мүмкүн деген коркунуч жаралса, “тиешелүү чечимдер” кабыл алынарын айткан. Польшанын президенти Анжей Дуда кошуна өлкөгө 14 даана MiG-29 истребителдерин берерин, июлда Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитинде Киевди кошумча кепилдиктер менен камсыздоо жаатында иш алып барып жатканын билдирген.

Би-би-синин орус кызматы “Росомак” – финдердин аскерий чопкутталган PatriaAMV машинасынын лицензияланган версиясы экенин жазды. Rzeczpospolita басылмасы Польшанын бул машиналарды өндүргөн компаниясынын жылына 100 БТР чыгарууга кудурети жете турганын жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG