Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Украина: Донбасста орусиялык күчтөрдүн 58 чабуулунун мизи кайтарылды


Украина.
Украина.

10-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлер Донбасста төрт багыт боюнча чабуулун улантканын кабарлады.

"Орусиянын армиясы Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында негизги чабуулдарын улантууда. Өткөн суткада жалпы 58 чабуулдун мизи кайтарылды", - деп айтылат Украинанын Башкы штабы тараткан маалыматта.

Украинанын Донецк облусуна караштуу Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда. Украин армиясы шаар үчүн маанилүү болгон көпүрөнү орусиялык күчтөр жардырып жибергенине карбай (Хромово кыштагындагы көпүрө) ок-дары, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый украин телеканалына курган маегинде айтты.

Анын айтымында, Бахмуттан жарадар болгон украин аскерлерин алып чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк болууда.

Акыркы күндөрү орусиялык күчтөр Бахмуттун бир катар кварталдарын ээлегени кабарланды. Украин күчтөрү шаардын батыш бөлүгүндө коргонууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы суткада өлкө чыгышында орусиялык чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди. Алардын дээрлик жарымы Бахмут аймагына туура келет. Орусиялык аскер күчтөрү украин аймагына 23 авиациялык, 4 ракеталык сокку урган.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG