Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Баткенде АРИС аркылуу үч мектеп, эки бала бакчанын курулушу башталды


Былтыр чек арадагы куралдуу кагылышта Ак-Сай айылы да жабыркаган. Архивдик сүрөт.
Былтыр чек арадагы куралдуу кагылышта Ак-Сай айылы да жабыркаган. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу үч мектептин жана эки бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп менен 75 орундуу бала бакча салынат. Көк-Ташта болсо 50 орундуу бала бакча курулат. Кызыл-Бейитте 150 орундуу мектеп, ал эми Кара-Бак айылындагы мектептин 100 орундуу кошумча корпусу курулат.

Буга чейин Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алынары, анын теңи грант түрүндө, калганы 0,75% үстөгү менен 38 жылдык мөөнөткө насыя катары берилери маалымдалган. Бул долбоорду 2027-жылга чейин АРИС ишке ашырары айтылган.

Былтыр 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

Төрт мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

“Озоди” жергиликтүү элге таянып, тажик тараптан турак жайлар, социалдык объектилер талкаланганын жазган. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG