Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 31-орунда


Кыргызстанда кылмышка шектүүлөрдү кармоо учуру.
Кыргызстанда кылмышка шектүүлөрдү кармоо учуру.

World Population Review порталы Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялады. Анда 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 31-орунду (индекси 56,87%) ээледи.

Кылмыштуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган беш өлкө - Венесуэла, Папуа-Жаңы Гвинея, Түштүк Африка, Ооганстан жана Гондурас. Бул мамлекеттерде уюшкан кылмыштуулук, талап тоноочулук, зомбулук жогорку деңгээлде экени көрсөтүлөт.

Борбор Азиядан Казакстан 40-орунда, Өзбекстан 99-орунда турары белгиленген.

Кылмыштуулук деңгээли эң төмөн өлкөлөрдүн сап башында Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Швейцария, Жапония, Норвегия, Дания жана Жаңы Зеландия бар.

АКШда катталган World Population Review индекси дүйнөдөгү калктын саны, төрөлүү, өлүм статистикасы, миграция, кылмыштуулук сыяктуу бир катар рейтингдерди чыгарат.

Буга чейин Белградда жайгашкан Numbeo сайты 2022-жылы дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.

Акыркы айларда криминалдык чыр-чатактын же кол салуунун айынан адам өмүрү кыйылган учурлар катталууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG