Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

"Унаа": Машинелерди каттоо системасы дагы үзгүлтүккө учурады


"Унаа" мекемеси 2021-жылдын аягында ИИМдин карамагына өткөн.
"Унаа" мекемеси 2021-жылдын аягында ИИМдин карамагына өткөн.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу транспорт каражаттарын каттаган "Унаа" мамлекеттик мекемесинде каттоо, кайра каттоо тутуму үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады жана айдоочуларга кайрылып, жагдайга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүндү. Ошондой эле, каттоо бөлүмдөрүнө барардан мурда 0312 63 31 74 номуру аркылуу алдын ала маалымат алууга чакырды.

Жыл башынан бери "Унаанын" каттоо системасы бир канча жолу үзгүлтүккө учураган жана мекеме муну "ишкананын ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлар" менен негиздеген. Мындай мүчүлүштүктөрдөн улам социалдык тармактарда нааразы болуп пикир жазгандар көбөйгөн.

2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жоюлуп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн.

XS
SM
MD
LG