Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Укук коргоочулар абактарда өлүм күч алганына камтамачылык билдиришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден он адам, анын ичинде бир жашы жете элек өспүрүм набыт болгон. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор маалымдап, абактарда адам өлүмү көбөйүп жатканына кабатырлыгын билдирди.

"Үч адамдын өлүмүнүн себеби "муунуп калгандан улам болгон" деп жазылганы менен, анын түздөн түз кантип асынганы тууралуу маалымат жок. Маркум өзү муундубу же кандайдыр бир зомбулуктун натыйжасы - киши өлтүрүү себеп болгону так жазылган эмес. Жабык мекемелердеги суицид фактысынын өзү - жарандын жашоого укугу мамлекет тарабынан бузулуп жатканынын күбөсү. Мындай окуяда адамды суицидге жеткиргендер жазага тартылып жана анын туугандарына кенемте толтуруп берилиши керек", - деп жазылган билдирүүдө.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматына ылайык, эки адам маңзатка ууланып набыт болгон. Биринчиси - 2020-жылы №27 түрмөдө, экинчиси 2021-жылы №8 абакта каза болгон. 2021-жылы №1 тергөө абагында кармалып турган шектүү белгисиз затка ууланган. Укук коргоочулар жабык мекемедеги адамдарга маңзат кандай жолдор менен жетип жатканы да кылдат иликтөөнү талап кылган суроолорду жаратарын белгилешүүдө.

Маалыматта абактарда кармалып тургандардын түрдүү жарааттардан улам өлүмгө дуушар болгону да тынчсыздандырып жатканы кабарланган.

Үч жыл аралыгында бычактан, ок атуучу куралдан жараат алган, башы жарылып, мээси чайкалып, жамбаш артериясы жабыркап, колу-буттары көп жеринен сынып алты адам көз жумган. Былтыр 30-июлда №1 тергөө абагында кармалгандан эки жума өтпөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү да белгиленген.

Жаза аткаруу кызматы Жумагуловдун өлүмү боюнча “ага камералашы жеке кастык мамиледен улам кол салган” деген маалымат тараткан.

Кийинчерээк бул ишке 10 адам, анын ичинде №1 тергөө абагында отурган беш кишини жана №1 абактын беш кызматкери шектүү деп табылган. Сотто Жумагулов менен бир камерада отурган 27 жаштагы Дооронбек Асанбек уулу гана “Дөө Чыңгызды” өлтүргөнүн моюнуна алган. Калгандары баары прокурор койгон айыпты бир ооздон четке кагышкан.

Өткөн жылдары Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза болгон. Мунун себебин иликтеген комиссия алардын "күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген" деген баштапкы корутунду чыгарган.

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка, адам өлтүрүүгө шек саналып кармалган бир нече адам белгисиз ар кандай жагдайлардан улам өлүмгө дуушар болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG