Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Быйыл эки айда Кыргызстандын тышкы соодасы 1,7 млрд. долларды түздү


Сыртка экспорттолгон товардын сап башында Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер турат. Иллюстрациялык сүрөт.
Сыртка экспорттолгон товардын сап башында Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер турат. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 1,7 млрд. долларга жетти.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 11-апрелде өткөн брифингде билдирди.

Анын берген маалыматында, бул былтыркы ушул айлардагы көрсөткүчтөн 22,7% көп. Мунун ичинде экспорт көлөмү 2,2%, ал эми импорт көлөмү 27,2% көбөйдү.

"ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода көлөмү быйыл январь, февраль айларында 545,3 млн. долларды түзүп, былтыркы ушул айлардагы көрсөткүчтөн 11% аз болду. Биримдик аймагына экспорт 14,3% өсүп, импорт 18,6% кыскарды", - деди Жумалиев.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБ ичиндеги соода алакасынын 61,6% Орусия менен, 35,5% Казакстан менен жүргөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын көлөмү 92,5 млрд. сомго жетип, былтыркы үч айдагы көрсөткүчтөн 7,6% өскөнүн кошумчалады. Анын сөзүнө караганда өсүү химиялык товарлардын, дары-дармектердин, кагаз буюмдарынын, металл, резина, пластмасса жана курулуш материалдарын өндүрүү көбөйгөнүнүн негизинде болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG