Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Бишкекте жашыруун иштеген вебкам-студия табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кылмыш иликтөө кызматкерлери компьютердик-клуб катары иштеген түр көрсөтүп, бирок вебкам-студия ачкандарды аныктады.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-апрелде маалымдады.

"6-апрелде Бишкекте жашыруун иштеген вебкам-студия аныкталды. Документтер боюнча даректеги эки кабаттуу үйдө жубайлар катталган. Алар үйүн айына 700 долларга ижарага берип турган. Үйдүн биринчи кабатында сегиз, дагы бир бөлмөдө он, жертөлөсүнөн сегиз, жалпы отузга чукул компьютер табылды. Бул студияда азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы 7-8 жигит иштеп, интимдик кызмат көрсөткөн модель кыз-келиндерге котормочулук кылганы аныкталды. Вебкам бизнесине тартылган кыз-келиндер башка шаарларда жана чет өлкөдө экени билинди. Порнографиялык материалдарды даярдоо жана таркатуу боюнча кылмыш иши козголду", - деп кабарлады ИИМ.

Буга чейин 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте “вебкам-студия иштетип, кылмыштуу киреше табуу менен алектенген” деген шек менен бир адамды кармаган.

Шектүү борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турганы аныкталган.

2021-жылы 27-июлда “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. "Анда Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, "Телеграм" топтордогу ормон опуза иликтенген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG