Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Үй-бүлөлүк зомбулукка 8 миңден ашуун аял, жүздөн ашуун эркек кабылганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр, 2022-жылы 980 үй-бүлөлүк зомбулук катталганын билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында айтты.

"Жашы жете элек балдар, аялдар, майыптыгы бар адамдардын укугун коргоого багытталган иш-чаралардын алкагында жалпы 980 текшерүү жүрүп, 8225 аял жабыркаганы аныкталды. Зомбулукка кабылгандардын 290у эркек, анын 210у өспүрүмдөр, 88и жашы жете элек балдар, 122и эркектер. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамына ылайык, 8725 коргоо ордери берилген. 190 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган. 181 кылмыш иши козголуп, 82и сотко өткөн. 63 кылмыш иши жарашуу негизинде өндүрүштөн кыскартылган. 36 иш тергөө стадиясында турат", - деди Зулушев.

Amnesty International эл аралык уюму 2023-жылы адам укуктарынын абалына арналган жылдык отчетунда
Кыргызстанда 2022-жылы эң негизги укуктарды сактоо жаатында чоң өзгөрүүлөр болбогонун, жакыр катмарлар, аялдар менен балдар мурдагыдай эле жапа чегип келатканын белгилеген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG