Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

"КазМунайГаздын" мунайчылар менен жолугушуусу майнапсыз аяктады


Жаңыөзөндөн келген жумушчулар Энергетика министрлиги алдында. Астана, 11-апрель, 2023-жыл
Жаңыөзөндөн келген жумушчулар Энергетика министрлиги алдында. Астана, 11-апрель, 2023-жыл

Жаңы-Өзөн шаарынан Астанага келген мунайчылар "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен кездешип, бирок мунасага келе алган жок. Бул тууралуу нааразылык акциясынын катышуучулары "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына айтып беришти.

10-апрелде "Берали Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

Эртеси Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев жаңыөзөндүк мунайчылардын нааразылык акциясын комментарийлеп, алар өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн Астанага келгенин айтты. Маалыматка караганда, министр жумушчуларга башка иш сунуш кылынганын, алар баш тартканын белгилеп, "көчөдө түнөгүсү келсе, алардын өз тандоосу" деп жооп берди.

4-апрелде жүз чакты жумушчу Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилиги жана "Өзөнмунайгаз" компаниясынын алдында акция өткөрүп, аларды жумушка орноштурууну талап кылып келген.

Маалыматка караганда, мунай тармагында кызмат көрсөткөн "Берали Мангистау Company" тендерди утпай калып, 200дөн ашуун киши ишсиз калган. "Өзөнмунайгаз" компаниясы жумушчуларга ошондой эле шарт менен "Кезби" компаниясында жумуш сунуш кылынганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мунайчылар ал жерде акча эселеп аз төлөнөрүн айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG