Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Жыл башынан бери салык жана камсыздандыруудан 54,5 млрд. сом жыйналды


Көзөмөл-кассалык машине.
Көзөмөл-кассалык машине.

Кыргызстанда 2023-жылдын алгачкы төрт айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүнөн жалпы 54,5 млрд. сом төгүмдөрү жыйналды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов 12-апрелде "Кабар" агенттигинде болгон маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, пландык көрсөткүчтөр 1,3 млрд. сомго ашыгы менен аткарылган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 8 млрд. сомго көп каражат чогулган.

“Анын ичинде бюджетке салыктар боюнча 40 млрд. сом, камсыздандыруу төгүмдөрү 14,5 млрд. сом түштү. Пландын ашыгы менен аткарылышына башкарууну жакшыртуу, “СМАРТ-салым” долбоорунун алкагында электрондук коштомо кагаздарды жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү оң таасир этти”, - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 250 млрд. сом чогултуу планын койгон. Бул сумманын 196 млрд. сому салыктык, 54 млрд. сому камсыздандыруу төгүмдөрү катары бекитилгени айтылды.

Кыдыргычов кичи жана орто ишкерлерге бир катар жеңилдиктер берилгенин, пайыздык чендер төмөндөтүлгөнүн белгилеп, бул бир катар бизнестерди көмүскөдөн чыгарып, быйылкы планды аткарууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG