Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Ооганстанда каршылык көрсөтүү фронтунун башчыларынын бири өлтүрүлгөнү кабарланды


Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун командирлеринин бири Акмал Амири жана анын жети өнөктөшү өлтүрүлгөнүн "Талибан" бийлиги кабарлады.

"313-борбордук корпус жикчилдер баш калкалап турган жайды жок кылуу боюнча операция жүргүзүп, жыйынтыгында сегиз киши, анын ичинде командир Акмал Амири өлтүрүлдү", – деди талибдер түзгөн өкмөттөгү Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Иноятулла Хоразми.

Ал талиб күчтөрүнүн операциясы качан болгонун тактаган жок, бирок анын жүрүшүндө жай тургундардан эч ким жабыркабаганын белгиледи.

Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Масуд талибдер менен узакка созулган атышууда Акмал Амири, Басирахмад Анараби сыяктуу бир нече тарапташы каза болгонун Фейсбукка жазды.

Ошол эле маалда Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун командирлеринин бири "Озоди" радиосуна берген маегинде Акмал Амиринин өлүмүн төгүндөдү.

"Талибдер менен айыгышкан салгылашуу болду. Бирок Акмал Амиринин мерт болгону ырасталган жок", – деди ал.

Акмал Амири - мурдагы ооган өкмөтүнүн улуттук армиясынын офицерлеринин бири. Эки жыл мурда "Талибан" кыймылы Кабулду басып алгандан кийин ал Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү кыймылына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG