Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Орусияда "мамлекетке чыккынчылык" боюнча иш козгоо беш эсе көбөйдү


Жыл башынан бери Орусияда кеминде 20 кылмыш иши "мамлекетке чыккынчылык" боюнча козголду.

Бул былтыркы ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн беш эсе көп.

Бир жыл ичинде бул берене менен 22 кылмыш иши козголгон болсо, быйылкы үч айда мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн кеминде 20 адамдын үстүнөн кылмыш иши козголгонун "Вёрстка" жана "Агентство" басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, март айында бул берене менен Ыраакы Чыгыштын тогуз жаранына кылмыш иши козголгон.

"Биринчи бөлүм" деп аталган укук коргоо фондунун юристи Евгений Смирнов бул ачыкка чыгарылгандары гана болушу ыктымалдыгын, чыныгы иш жүзүндө мамлекетке чыккынчылыкка айыпталгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтты.

Анын айтымында, статистика толук эмес, ФСБ "өзүнө керектүү" гана маалыматтарды чыгарып атат.

Смирновдун божомолуна караганда, 2023-жылы мындай берене менен козголгон кылмыш иштери жүздөн ашат. Юрист мунун себебин Орусиянын президенти Владимир Путиндин ички душмандарды издөө тууралуу сөзүнө жана мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланыштырды. Былтыр июлда "Мамлекетке чыккынчылык" беренесине кылмыштын жаңы курамы - "каршылаш тарапка өтүү" да кошулган.

Мамлекеттик Дума 10-апрелде кабыл алган жаңы мыйзам боюнча "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен айыпталгандар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Акыркы 20 жыл ичинде бул берене менен соттолгон бир да адамга актоо чечими чыккан эмес. Бир нече иш кыскарган, анын ичинде шектүүнүн көз жумганынан улам кыскаргандары да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG