Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Ирактын абактарында 41 кыргызстандык кармалып турат


Ирактын түрмөсүндө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.
Ирактын түрмөсүндө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин 13-апрелде маалымдаганы боюнча, ушул тапта Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердүүлүгү үчүн" соттолуп, кармалып турат.

28-февралда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген.

2021-жылы 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 3-18 жаштагы 79 баласын кайтарылган. Быйыл 16-февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген.

"Азаттык" Сириядагы согушка түрдүү жолдор менен кетип, ал жакта калып калган кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу маселесин көп чагылдырып келет.

Апрелдин башында Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүштү.

Тышкы иштер министрлиги Ирактын абактарындагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатканын маалымдоодо.

Былтыр 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын журналисттерге билдирген.

Министр тизмени тактоо иши уланып жатканын, эки өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы абактарда, лагерлерде отургандар тууралуу маалымат алуу оор болгондуктан алардын чыныгы саны мындан да көбүрөөк болушу ыктымал экенин кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Тирүү калган эркектери абакта, ал эми аялдар менен балдар атайын лагерлерде кармалууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG