Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Bloomberg: WSJ журналисти Гершкович Путиндин санкциясы менен камалган


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Орусиянын президенти Владимир Путин The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичти камоого жеке өзү макулдук бергенин Bloomberg жазды. Бул "кансыз согуштан" бери журналисттин тыңчылыкка айыпталып камалган биринчи учуру.

Жагдайды жакшы билген Bloomberg булактарынын айтымында, "Москвага ыңгайсыз" журналисттин камалышына президенттин жеке кийлигишүүсү - Кремлде Вашингтонго каршы маанайдагылардын таасири күчөгөнүн көрсөтөт.

Европалык саясий талдоо борборунун жетекчиси Алина Полякова агенттикке Гершковичтин камалышы Вашингтонго эле эмес, бүтүндөй Батыш дүйнөсүнө чакырык деп эсептей турганын билдирди.

"Бул Путин мындан ары туруктуу жана ишенимдүү кызматташууга жол бербейт дегенди билдирет", - деди Полякова.

Bloomberg булактары америкалык журналистти камакка алуунун демилгечилери атайын кызматтын жетекчилери экенин белгилешкен. Атайын кызмат Путинге баш ийет.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Гершковичтин камакка алынышы Путиндин демилгеси эмес экенин, "атайын кызмат өз милдетин аткарганын" билдирди.

Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович 29-мартта Екатеринбургда камакка алынган. Ал тыңчылыкка айыпталууда. Бирок Кремль бул айыптоо кандай далилдерге негизделгени тууралуу маалымат бере элек.

Журналист өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган жок. The Wall Street Journal редакциясы да бул айыпты кескин четке кагууда.

Гершкович Орусияда тыңчылык кылган деген айып менен 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG