Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Гаага соту Орусияны украиналык "Нафтогаз" компаниясына 5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирди


Гаага соту Орусияны Крымдагы активдерин мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн украиналык "Нафтогазга" 5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бул тууралуу Украинанын "Нафтогаз" мамлекеттик ишканасы бейшембиде маалымдады.

Мекеменин башчысы Алексей Чернышев "ишкана энергетикалык фронтто жеңишке жетишти" деп айтты.

"Орус бийлигинин адилет сот жараянына бут тосуу аракеттерине карабай, бейтарап сот Орусияны "Нафтогазга" жоготуулары үчүн 5 миллиард доллар кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Эми Орусия сот чечимин эл аралык милдеттенмелерине ылайык аткарууга тийиш", - деди Чернышев.

"Нафтогаз" Орусияга каршы доо арыз менен 2016-жылы сотко кайрылган. Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялаган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Гаага сотунун чечимин комментарийлеп, орусиялык адистер анализдеп чыккандан кийин, Москва кийинки чараларын аныктайт турганын билдирди.

"Нафтогаз" боюнча сот чечими Киевдин пайдасына 2019-жылы эле чечилген. Бул жолу иштин экинчи стадиясы - кенемтенин өлчөмүн аныктоо жараяны жүрдү. Орусиянын Юстиция министрлиги мурдараак Москва Гаага сотунун чечимин тааныбай турганын билдиргенин "Коммерсантъ" жазып чыкты​.

Өткөн айда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы кармап, камоону чечим кылган. Гаага соту эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG