Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишин кароо уланды. Анда жарыш сөздөн кийин Курсан Асановго акыркы сөз берилди. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албасын, бул саясий куугунтук деп эсептерин билдирди.
Асанов ошондой эле 2019-жылы Кой-Таш окуясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана тирүү колго түшүп бергенин", мында "өзүнүн эмгеги бардыгын" белгиледи.
Бүгүнкү соттук жараянда Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов да акыркы сөзүн айтып, өзүн актоону соттон өтүндү.
31-марттагы соттук териштирүүдө айыптоочу тарап иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, айыпталуучуларды жазадан бошотууну соттон өтүнгөн. Алардын адвокаттары болсо актоону сурашкан.
Биринчи май сотунун кеңсесинен маалымдашкандай, бул иш боюнча чечим кийинки отурумда - 28-апрелде чыгышы күтүлүүдө.
Курсан Асанов боюнча үч кылмыш иши козголгон, алар Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Башкы прокуратура 2020-жылдын февралында билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган.
Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда.
Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго "тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген" деген негиздеги айып коюлган. Бул иш боюнча уулу Мухаммед-Али Асанов да айыпталууда.
2021-жылдын январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде да иштер козголгону маалымдалган.
Биринчи май райондук соту быйыл 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды "кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.
2021-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып баш прокурор Курманкул Зулушев Асановго козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирген.
Жогорудагы айыптар боюнча Асанов бир нече жолу камалып, кайра кое берилген. 2019-жылдын августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөн, анда бир офицер каза болгон.(ZKo)