Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы доо арыз каралат


Бишкекте өткөн митингдердин бири.
Бишкекте өткөн митингдердин бири.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун борбор калаанын айрым жерлеринде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимине каршы адвокат Бактыбек Жумашевдин доо арызы шаардык сотто каралат.

Бишкек шаар соту арызды бүгүн, 14-апрелде түштөн кийин карай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бактыбек Жумашев Твиттер баракчасына жазды.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертип келет.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Ага ылайык, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG