Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Ооганстандын коңшулары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат


Самарканд шаары. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Самарканд шаары. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Ооганстанга коңшу өлкөлөр бул мамлекеттин инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлоруна катышууга даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

13-апрелде Самаркандда Ооганстанга коңшу – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу болду.

Жолугушууга Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү да катышты.

Тараптар Ооганстандагы кырдаалды, инклюзивдүү өкмөт түзүү, ооган аялдарынын жумушка орноштуруу, билим алуусун камсыздоо, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты.

Ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана улуттук экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган аракеттердин механизмин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар Ооганстанда коңшу мамлекеттердин катышуусу менен инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну жакташты. Долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бул өлкөнү аймактык экономикалык жараяндарга интеграциялоого жардам берери айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG