Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Түркмөнстандан сыртка акча которууда кайрадан көйгөй жаралды


Түркмөнстанда акча которууда кайрадан көйгөй жаралды. Орусияда окуган студенттер ай башынан бери Түркмөнстандан акча ала албай жатышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, азыр банктар студенттердин документтеринин түп нускасын талап кылууда. Банктар "жогору жак" оозеки көрсөтмө бергенин билдиришкен.

Түркмөнстанда Борбордук банктын курсу менен акча конвертациялоого мүмкүн. Бирок анын наркы көмүскө базардагыдан бир нече эсеге төмөн.

Ата-энелер Орусия, Беларус, Түркия жана Казакстанда окуган балдарына айына 50 доллардан гана жөнөтө алышат.

Түркмөнстанда акча которуу көйгөйү бир нече жылдан бери чечиле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG